Чүй облусунун Панфилов районунда травматикалык тапанча менен эки адамга ок атууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 24-июль күнү Панфилов районунун ИИБнө аймактык ооруканага 1991-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган Ш.Т. ок атуучу курлдан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда жогорудагы жарандар Орто-Кайырма айылындагы көчөлөрдүн биринен бейтааныш жаран менен пикир келишпестиктен улам жаракат алышканы маалым болгон.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы окуяга катыштыгы бар деген шек менен 1980-жылы туулган К.Н. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Анын травматикалык тапанчасы алынып, учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.