• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Чүйдө 23 жаштагы жигит 51 жаштагы атасынын инисин атып салган

16 Бугу 201914:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.

13-май күнү, Чүй облусуна караштуу Москва районунун Ак-Торпок айылынан милиция бөлүмүнө саат 11:30дар чамасында 23 жаштагы жигит агасын атып алганы туурасында маалымат келип түшкөн.

Териштирүү учурунда белгилүү болгондой, эки бир туугандын ортосунда уруш чыгып, ИЖ-16 маркасындагы курал менен 23 жаштагы жигит 51 жаштагы атасынын инисин атып салган.

Бутуна ок тийген жаран дароо аймактык ооруканага жеткирилип, анын бир бутун кесүүгө аргасыз болушкан.Учурда кармалган 23- жаштагы жигит Бишкектин СИЗО-1 абагына эки айга камалды.

Количество просмотров: 15