• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө 29 мас айдоочу кармалды

17 Үчтүн айы 2022 9:56 Бишкек Govori.TV

Чүйдө бир жума ичинде 29 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январдан 16-январга чейин Чүй облусунун аймагында жалпы 3629 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Анын ичинен:

  • 29 айдоочу мас абалында;
  • 1270 айдоочу ылдамдыкты ашыра айдаган;
  • 17 айдоочу керектүү документтери жок.

Жалпы 73 унаа айып аянтчасына токтотулду.

Количество просмотров: 76