• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө 32 жаштагы жаран кызганычтан улам бөтөлкөлөшүн сабап өлтүргөн

9 Бештин айы 2021 13:45 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 8-декабрда түштөн кийин Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринен болжол менен 30-35 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылган. Окуяга күбө болгондор дароо милицияга кабарлап, окуя болгон жерге тергөө тобу барган.

Каза болгон адам 1991-жылы туулган Н.А. экендиги аныкталды. Анын денесинде зордук-зомбулук менен өлтүрүүнүн белгилери табылган. Аталган факты Жазык кодексинин 122-беренесинин («Киши өлтүрүү») негизинде КЖБРге катталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1989-жылы туулган Р.В., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн версиясы боюнча, мыкаачылык менен өлтүрүүгө отуруш учурунуда шектүүнүн жарандык никедеги жубайын дусуна кызганганы себеп болгон. Ал бөтөлкөлөшүн сабап өлтүргөн.

Количество просмотров: 264