• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду

12 Бирдин айы 202413:32 Бишкек Govori.TV

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, эртеси каза болгон.

«Комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат» , — деп билдиришти министрликтен.

Учурда соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 305