Чүйдүн Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-июлда Адамүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу жабырлануучу 1979-жылы туулган К.К. аттуу жаран экенин аныкташкан. Анын бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1978-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, окуянын келип чыгышына жарандардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Учурда шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.