Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Чүй облусунун Панфилов районундагы балык чарбадан балык уурдаган адамдар колго түштү. Бул тууралуу аталган чарбанын директору Аскар Жолдошбек уулу “Турмуш” сайтынын журналисттерине билдирген.
Маалыматка ылайык, уурулар 28-апрелге караган түнү саат 02:30 чамасында кармалып, жергиликтүү тургундар экени аныкталган. Алардын бири ошол эле балык чарбада иштеген кароолчу болгон.
«Мындай окуя биринчи жолу эмес деп болжолдоп жатабыз. Анткени бизде балыктын көлөмү жетпей калган учурлар болгон. Эң минималдуу эсеп боюнча «Тянь-Шань-форель» ишканасынан 800 миң сомго бааланган 2 тоннадай форель жоголгон», — деди директор Аскар Жолдошбек уулу.
Белгилей кетсек, аталган кылмыш боюнча 4 адам кармалып, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.