Аламүдүн районунда айдоочу рулду башкара албай бакты сүзүп, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Константиновка айылына бара жаткан унаа жолунда Toyota ist үлгүсүндөгү унаанын 2003-жылы туулган С.Х. аттуу айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн.
«Унаанын ичиндеги бир жүргүнсүнүн буту кыпчылып калып, куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Кырсыктан жабыркаган айдоочу жана ичиндеги бир жүргүнсү жеңил жаракат алган»,-деп айтылат маалыматта.