• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Чүйдө бир апта ичинде 4 миң 327 жол эрежесин бузуу катталды

29 Жалган куран 20219:37 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда 22-28-март аралыгында 4 миң 327 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы катталгандардын ичинен 27 айдоочу мас абалында, 1 миң 350сү катуу ылдамдыкта, 16сы тиешелүү документтери жок унаа башкарган. 81 унаа айып аянтчасына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 61