• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө бир нече күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

27 Теке 202210:47 Бишкек Govori.TV

Чүйдө бир нече күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй районуна караштуу Шамшы айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 16 жашар А.Ч. аттуу өспүрүмдү издөө бир нече күндөн бери уланып келген.

Аны издөөгө кечээ жалпысынан 30 куткаруучу тартылып, кеч киргенине байланыштуу издөө убактылуу токтотулган.

Ал эми бүгүн таңкы саат 6:10 чамасында жогоруда аталган өспүрүмдүн сөөгү Чүй районуна караштуу Алга айылынын сугат арыктарынын биринен жергиликтүү тургундар табышкан.

Табылган өспүрүмдүн сөөгүн жергиликтүү тургундар ИИБнын адистерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 15534