Чүйдө дөңсөөдөн топурак урап, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 08:30дар чамасында Аламүдүн районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолу менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги дөңсөөдөн топурак урап түшүп, 1 эркек кишини басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, саат 10:05те эркек адамдын жансыз денесин чыгарган соң, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандын өздүгүн тактоо жана окуяны иликтөө иши жүрүүдө