• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө дарыгер өз жанын кыйды

6 Аяк оона 201913:03 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда дарыгер- реаниматолог өз жанын кыйды. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 5-сентябрда өткөн. Анын бул кадамга барышына үй-бүлөлүк көйгөйлөрү себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Учурда катталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Количество просмотров: 197