• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тез жардам кызматкерлеринин азайган айлыгы. Министрлик үн катты

1 Баш оона 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга борбордун жетекчилиги, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын жана ММК фондунун өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темасы борбордун дарыгер, орто жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасы болду.

Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлердин эмгек акысынын учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал белгилегендей, кызматкерлер кепилденген эмгек маяна алышууда, мындан тышкары эмгек акы фондусун үнөмдөөнүн эсебинен түзүлө турган эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) түрүндөгү үстөк бар.

Белгилей кетсек, бүгүн Тез жардам борборунун кызматкерлери акция өткөрүп, маянасы азайып кеткенине даттанышкан.

Количество просмотров: 101