• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө эликтерди мыйзамсыз аткан браконьер кармалды

24 Бирдин айы 2020 12:03 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунда эликтерди мыйзамсыз аткан браконьер кармалды. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран аталган райондун Мураке айылынын Д.А. аттуу тургуну экени анык болгон. Аны кармаган учурда ок-дарылары менен ок атуучу курал жана үч элик табылган.

«Ал Чүй облусундагы Ак-Башат айылындагы Кара-Суу капчыгайында мыйзамсыз аңчылык кылган», — деп айтылат маалыматта.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги белгилегендей, Кыргызстандагы мергенчиликтин эрежелерине ылайык, эликке аңчылык кылуу августтун экинчи ишемби күнүнөн баштап октябрдын акыркы жекшембисине чейин уруксат берилген.

Кармалган жаранга карата агенттиктин кызматкерлери 150 миң сом өндүрүү боюнча протокол түзүп, ошондой эле 60 миң өлчөмдөгү административдик айып салынган.

Количество просмотров: 111