• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө энесине бензин чачып өрттөп жиберген жаран кармалды

9 Жалган куран 2021 10:13 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда өз энесин өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-март күнү таңкы саат 06:30 чамасында Жайыл районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү жашоочулардын бири Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке дароо Жайыл РИИБдүн ыкчам тергөө тобу чыгышып, ал жерди кароо учурунда аял кишинин жансыз денеси табылган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштеринин алкагында 1940-жылы туулган З.Г. аттуу жергиликтүү жашоочу экендиги такталган. Кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 1977-жылы туулган уулу З.Р. кармалган. Шектүү күнөөсүн моюнуна алып, апасына бензин куюп өрттөп жибергенин билдирген.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жаран психикалык жактан жабыркап келгени маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 387