• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чүйдөгү мунай базасынан чыккан өрттөн жабыркаган жаран каза болду

4 Теке 2023 13:04 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Шопоков шаарында мунай кампасындагы өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөн эки кишинин бири каза болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, оор күйүк алган бейтап үч күндөн кийин көз жумган, экинчисинин абалы жакшырып, дарылануусун уланып жатат.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан мунай базасынан өрт чыккан. Анда жабыркаган төрт кишинин экөө Бишкектеги Тез жардам ооруканасына санавиация менен жеткирилген. Бирөөнүн абалын дарыгерлер өтө оор деп мүнөздөп жатышкан, анын денесинин 95% күйгөн. Экинчисиники канааттандырарлык, аныкы денесинен 15% күйүк алганы маалымдалган.

Количество просмотров: 88