Кечээ, 1-сентябрда болжол менен саат 15:20 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 51-чакырымында Субару Аутбек, 2 Мерседес-Бенц спринтер, Тойота-Камри жана Тойота-Вокси үлгүсүндөгү 5 унаанын катышуусунда жол кырсыгынан 7 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, автоунаалардын бири катуу ылдамдыкта бара жатканда дөңгөлөгү жарылып, айдоочу ээ боло албай албай каршы тилкеге чыгып бус менен кагышкан.
Натыйжада 7 киши каза болгон. Маалыматтар дагы такталып, териштирүү иштери жүрүп жатканы айтылды.