• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган кырсык: 2 киши каза болду

17 Бештин айы 2023 23:51 Бишкек Govori.TV

Ысык — Көл облусунда жол кырсыктан эки адам каза болду, тогуз адам ар кандай жаракат менен райондук жана облустук ооруканаларга түштү.

Ысык-Көл облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, 17-декабрда саат 10:30 чамасында Mercedes-Benz Sprinter Mazda Xedos менен сүзүшкөн. Кырсыктан эки айдоочу тең окуя болгон жерде каза болгон.

Буга чейин социалдык тармактарда кырсыктын видеосу тараган. Анда жеңил унаа экиге бөлүнүп кетип, анын бир бөлүгү жолдун четинде жатканын көрүүгө болот.

Количество просмотров: 328