Бишкек.11.07.2017. Govori.TV
Чүй облусуна караштуу Восточное айылындагы мушташ тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы маалымат берди.
“Мушташ коңшулардын суу талашынан улам, турмуштук негизде келип чыккан. Окуяны улут аралык чыр деп атоого болбойт”,-деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова.
Эске салсак, Восточное айылында 10-июль күнү коңшулардын суу талашы мушташка чейин жеткен.Натыйжада үч киши жабыркап,жергиликтүү ооруканага жеткирилген.Учурда сотко чейин өндүрүш ишинин алкагында тергөө уланууда.