• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө кар көчкү түшүп бир жаран каза болду

4 Жалган куран 20229:29 Бишкек Govori.TV

Чүйдө кар көчкү түшүп бир жаран каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бирөөсүн жок болуп жаткандыгы тууралу маалыматтын негизинде, жерине 15:55де Кемин райондук №5 ӨКБнөн беш куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар жеткенде коктуда болжол менен 3000 м3 кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган.
Издөө иштерин жүргүзушуп саат 17:45те көчкүнун астынан 49 жаштагы Б. Р. эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Каза болгон жарандын денеси райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 475