• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Чүйдө кара куурай өстүргөн жаран кармалды

28 Теке 202116:02 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда баңгизаттарды өстүрүү менен алектенген жергиликтүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы 45 жаштагы жергиликтүү жаран жашыруун шарттарда өсүмдук баңгизаттарын өстүрүү жана өндүрүү менен алектенген.

«Тинтүү жүргүзүү учурунда 722 даана көчөттөр табылып алынган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 177 кг 900 грамм баңги каражаттарды камтуучу өсүмдүктөр алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 125