• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Чүйдө киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

13 Үчтүн айы 2022 9:32 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Паныилов районунда киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-январь күнү болжол менен саат 01:46 чамаларында Панфилов РИИБүнө Кайыңды шаарындагы квартиралардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өзүгү аныкталып, ал 1988-жылы туулган А.К. экендиги такталган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1987-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 311