• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө курал-жарак сакталган жай табылды (видео)

10 Кулжа 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-июнда Чүй облусунун Панфилов районунан курал-жарак, ок-дары сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштеринин алкагында кароосуз калган үйгө тинтүү жүргүзүшкөн.

«Жаашыруун жайдан 9 мм «Макаров» тапанчасы магазини жана 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8 миллиметрлик тапанча, 1 кесилген мылтык, 2 мергенчилик куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 жылмакай курал 8 огу менен, сигналдын күйүшү боюнча 1 реактивдүү сигналдык, 1 мергенчилик бычак, 1 кара түстөгү беткап табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 474