• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чүйдө курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

13 Жетинин айы 2021 13:34 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү эки даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 мм жана 7,62×39 мм калибрлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды.

Алындын ала алынган маалымат боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.

Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Количество просмотров: 1122