• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Чүйдө кыз ала качууга шектелип 4 бала кармалды

21 Тогуздун айы 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Ысык-Ата районунда кыз ала качууга шектелип 4 бала кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-октябрь күнү болжол менен саат 11:28 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Киргшелк айылынан 2003-жылы туулган кызды белгисиз бирөөлөр алып качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кыз Токмок шаарындагы үйлөрдүн бирине алып барылгандыгы такталып, кыз ала качууга шектелип, 1998-жылы туулган С.А., 1991-жылы туулган Т.М., 1999-жылы туулган Т.К. жана С.М. аттуу балдар кармалышты»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-октябрь күнү жогорудагы кыз курбу кызынын үлпөт тоюнда ала качкан балдардын бири менен таанышып калган. Кийин ал бала кыздын макулдугу жок алып качып кеткени маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кыз ата-энесине кайтарылып берилген ал эми шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 263