• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чүйдө мал уурдаган топ кармалды

17 Теке 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Чүйдө мал уурулук менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда соттолгон адамдардан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Алар Чүй облусунун аймагында мал уурулук менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Шектүү жарандар жөнүндө маалымат топтолуп, кылмыштуулукка бөгөт коюу боюнча чаралар көрүлдү.

«Кармоо операциясы ушул жылдын июнь айынын аягында жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө түнкүсүн Чүй облусунун Беловодское айылына жакын жерде шектүүлөр бара жаткан “Merсedes-Benz Sprinter” үлгүсүндөгү кичи автобус токтотулган. Текшерүү учурунда унаанын арткы бөлүгүнөн бээ кулуну менен табылган»,-деп жазылат маалыматта.

Төмөндөгүлөр кылмышка шектүү катары кармалган:

— 1995-жылы туулган жаран Ж.Ш., Чүй облусунун Токмок шаарынын тургуну;

— 1986-жылы туулган жаран М.А., Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну.

Алынган маалыматтар боюнча, жылкыларды Москва районунун аймагынан уурдап келе жатышкан. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 89