• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүйдө малчы киши колдуу болду

9 Баш оона 202118:00 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Москва районунда малчы киши колдуу болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда болжол менен саат 09:00 чамаларында Москва районунун Ак-Суу капчыгайындагы жайлоодо болжол менен 55-60 жаш курактагы белгисиз эркек кишинин киши колдуу болгон сөөгү табылып, анын өзүгүн аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында бул кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып, ага издөө жарыяланган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Москва РИИБдүн криминалдык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында буга чейин оор кылмышка шектелип издөөдө жүргөн 1967-жылы туулган Н.А. кармалган. Каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо иш-чаралы жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон жаран менен кылмышка шектүү экөө жайлоодо малчы болуп жүргөнү маалым болгон.

Учурда кармалган жаран Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү жаран милиция кызматкерлеринен Бишкек шаарынын аймагында жашынып жүргөнү такталып, колго түшүрүлгөн. Учурда сотко чейинки өндүруш иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 466