• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды 

7 Тогуздун айы 20248:39 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Чүй айылында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Дарыкананын салтанаттуу ачылуу аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Ал өз сөзүндө жыл аягына чейин мамлекеттик дарыканалардын жалпы саны жүзгө жетерин, калк сапаттуу жана жеткиликтүү дарылар менен камсыз болорун айтты.

Чүй районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун директору Нурбек Абдрахманов калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар менен министрди тааныштырып, 143 орунга эсептелген ооруканада жылына 7,5 миң бейтап дарыланып чыгарын айтты.

Количество просмотров: 84