• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Өзгөндө үч мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды

29 Үчтүн айы 2024 17:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Өзгөн районунда үч мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Дарыканалар Өзгөн, Мырза-Аке жана Куршаб Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ачылды.

Министр өз сөзүндө калкты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында быйылкы жылы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын баса белгиледи.

Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты — калктын жеткиликтүү дары-дармекке байланыштуу көйгөйлөрүн чечүү.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Өзгөн Жалпы дарыгерлик практика борборунда райондогу алгачкы мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасы ачылган. Эми Өзгөн районунда 4 мамлекеттик дарыкана иштейт. Жалпы республика боюнча мамлекеттик дарыканалардыын саны 58ге жетти.

Количество просмотров: 75