• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК 10 дарыкананын ишин убактылуу токтотту

16 Аяк оона 202517:24 Бишкек Govori.TV

УКМК Кыргызстанга аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектерди сатуу боюнча мыйзамсыз схеманын бети ачылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында 11-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кампада тинтүү жүргүзүлүп, Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн алып келинген көп көлөмдөгү дары-дармек каражаттары табылган. Тергөөдө кампа уруксат кагаздары жок иштетилип келгени аныкталган.

Аталган дары-дармектер Бишкектен тышкары Ош шаарына, Ош жана Ысык-Көл облустарынын аймактарына, ошондой эле Жалал-Абад шаарына таратылып келген. Натыйжада мыйзамсыз дары-дармектер сатылып келген 10 дарыкананын иши убактылуу токтотулду.

Дарыканаларды тинткенде күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармек колдонуу боюнча рецепт кагаздарынын жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жатканы белгилүү болгон.

Аларды мыйзамсыз ташып келүүгө шек саналып 52 жаштагы (Б.Г.Ж) шектүү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ушул тапта бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.

Количество просмотров: 158