Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылынын Кочкорбаев көчөсүндө жайгашкан мечитте өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
«Өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан бир бөлүм саат 06:59да, саат 07:15те Кант шаарындагы №27 ӨККБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 08:35те чектөөгө алынды. Азыркы учурда 3 бөлүм иш алып барууда, өрттөн жабыркагандар жок.
Өрт кырсыгынын болжолдуу себеби электр зымдарынын кыска чанылуусунан келип чыккан. Жеринде Ысык-Ата райондук ӨКБнүн башчысы полковник Молдоисаев Бакыт башында турган ыкчам топ иш алып барууда», — деп айтылат маалыматта.
Кеңеш айылынын Кочкорбаев көчөсүндө жайгашкан мечиттин имаратынан чыккан өрт саат 11:28де толук өчүрүлдү.