• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө медереседе өрт чыгып, 200 окуучу эвакуацияланды

9 Аяк оона 2019 9:55 Бишкек Govori.TV

8-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Телман айылында жайгашкан «Ак-Тилек» медресенин жатаканасынын чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт кечээ, 8-сентябрда болжол менен саат 18:51де катталган. Өрттүн кесепетинен жатакананын болжол менен 2000 чатрчы метр чатыры күйгөн. Медресенин кызматкерлери тарабынан жатаканада жаткан 200 окуучу эвакуацияланган.

«Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылып, өрт саат 21:43тө чектөөгө алынып, 9-сентябрь күнү саат 02:17де толук өчүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 179