• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө милициясынын улук тескөөчүсү пара менен кармалды

19 Жалган куран 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

Чүй райондук милициясынын улук тескөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 18-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети укук коргоо системасындагы кызматкерлердин арасында коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча иштердин алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында 40 миң сом пара алып жаткан жеринен Чүй районунун Ички иштер органынын улук тергөөчүсү А.у.Ч.ны кармады.

«Кармалган кызматкер алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдарын токтотуу үчүн жергиликтүү жашоочудан 2 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалып, учурда УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 275