• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чүйдүн курама командасы Көк бөрү боюнча мелдеште чемпион болду

25 Тогуздун айы 2021 10:49 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылындагы ат майданда Көк бөрү боюнча Кыргызстандын 2021-жылкы чемпионаты аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 24-октябрга чейин өткөн өлкө чемпионатына республикадан 9 команда — Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын курама командалары катышты.

Финалдык оюнда:

1-орун- Чүй облусунун курама командасы – 600 000 сом;

2-орун- Ош облусунун курама командасы – 400 000 сом;

3-орун- Талас облусунун курама командасы – 300 000 сом;

4-орун- Ысык-Көл облусунун курама командасы – 200 000 сом;

5-9-орун: Жалал-Абад облусу, Бишкек, шаары, Нарын облусу, Баткен облусу, Ош шаары – бардыгы 100 000 сомдон байге ыйгарылды.

Көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын 2021-жылкы чемпионатын Кыргыз Республикасынын Улуттук оюндар боюнча Дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын Көк Көк бөрү федерациясы биргеликте өткөрдү. Чемпионат көк бөрү оюнунун 25 жылдыгына жана бул оюндун негиздөөчүсү Болот Шамшиевдин, федерациянын биринчи президенти Болот Шерниязовдун, генералдык катчысы Темир Дүйшекеевдин жана көк бөрү оюнунун аксакалдары Мамыркожо Бөкөмбаев менен Жетиген Маадановдун жаркын элесине арналды.

Ал эми чемпионаттын жалпы байге фонду – 2 000 000 сомду түздү.

Количество просмотров: 178