• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө орусиялык жаран парапландан кулады

21 Баш оона 202313:11 Бишкек Govori.TV

Парапландан кулаган орус жаранына куткаруучулар жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү кечинде саат 23:55 чамасында К.П. аттуу 48 жаштагы жаран параплан менен учуп, Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында кулаганы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.

Жерине издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын офицери Улан Абдраимовдун жетекчилиги менен Аламүдүн райондук ӨКБдан 4 куткаруучу чыккан.

Бүгүн Россиянын жабыркаган жаранын тоодон алып түшүп, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 127