Чүй облусунун Виноградный айылында шарап чыгаруучу заводдун аймагында, азыркы учурда менчик механизациялаштырылган парк катары колдонулуп жаткан цехтин ичинде 150 чарчы метр таштанды жана мазут күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 36 жаштагы К.З. аттуу жаран жеңил жаракат жана 18 жаштагы К.У. аттуу адам 3-даражадагы күйүк алган.