• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чүйдө өспүрүм кокусунан өзүнө карата ок чыгарып алды

15 Бештин айы 2020 16:12 Бишкек Govori.TV

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылындагы жашы жете элек өспүрүмдүн ок атуучу куралдан жаракат алганы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 13-декабрда Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айылындагы турак үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала октон жаракат алды деген маалымат келип түшкөн. Окуя эртең менен саат 9:30 чамасында болгон. Анда 15 жаштагы бала гараждагы ок атуучу куралды алып, кокустан өзүн атып алган. Өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Анда окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды жайыттан таап келгенин, атасы өз кезегинде патрондорду алып, ок атуучу куралды гаражга катып койгонун билдирген. Учурда окуянын бардык жагдайлары тергелип, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле экспертизалар дагы дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 154