• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Чүйдө стела курулду

9 Чын куран 2024 9:57 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Кемин районунун Ысык-Көл облусу менен чектешкен аймагында жаңы стела курулуп бүттү.

Бул аймакта азыркы мезгилге чейин СССР учурунда курулган стела турган, бирок убакыттын өтүшү менен анын эстетикалык көрүнүшү бузулуп, айлана-чөйрөгө жагымсыздык жаратып келген.
2023-жылы стеланы жаңылоо чечими кабыл алынып, жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен курулуш аягына чыкты.

Стела өзүнө Чүй облусунун эн белгисин камтып, темир металлдан жасалган.

Келечекте бул стеланын жанына туристтер үчүн ыңгайлуу «таанытуу борборлору» сыяктуу башка дагы курулмалар курулуусу пландалып жатат. Ал борбор аркылуу чет элдик жарандар жана өзүбүздүн эс алуучулар облустун ар кайсы булуңундагы эс алууга ылайыктуу жайлар менен таанышуу менен бирге, тамактануу жана башка кызматтарды пайдалана алышат.

Количество просмотров: 98