• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Чүйдө таксистке кол салууга шектелген жарандар кармалды

20 Үчтүн айы 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районунда каракчылык кылмышы катталып, шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн РИИБге Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну К.И. арыз менен кайрылган. Ал бейтааныш 3 баланын үстүнөн чара көрүүнү суранган. Өзүнүн айтымында, 14-январь күнү болжол менен саат 01:30 чамасында белгисиз үч бала ур-токмокко алып, «Хонда Фит» унаасын каракчылык жолу менен ээлеп алып, изин жашырып кетишкен.

Аталган факт боюнча Аламүдүн РИИБ тарабынан төмөнкүлөр аныкталган: Жабырлануучу 14-январь күнү такси кызматында иштеп жүргөн. Ага Бишкек шаарында жайгашкан кинотеатрдан чакыруу түшүп, ал жерден унаасына болжол менен 25 жаштагы жигит отуруп, Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бирине жеткирүүнү суранган. Жаңы конуштан унаага дагы эки бейтааныш жигит отуруп, алар айдоочудан кайра кинотеатрга жеткирүүнү суранышкан. Кинотеатрга жетишкенде бейтааныш жигиттер Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылына жеткирүүнү суранышкан. Жолдо бара жатканда 3 жигит айдоочуну ур-токмокко алып, колу-бутун жип менен байлап, кароосуз калган үйдүн ичине таштап, «Хонда Фит» унаасын жана уюлдук телефонун тартып алып, качып кетишкен.

«Хонда Фит» унаасы 14-январь күнү Аламүдүн районундагы талаадан табылган.

Аталган факт Аламүдүн РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кечээ, 19-январь күнү ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20 жаштагы С.А., 19 жаштагы А.Э., 18 жаштагы С.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 36