Чүйдүн Аламүдүн районунун Молдовановка айылы менен Ленин айылынын ортосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайда өрт чыккан.Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, 11-июль күнү жерине саат 15:11де бир бөлүм, бир суу ташуучу унаа тартылган. Тилсиз жоо саат 15:56да чектөөгө алынып, толугу менен саат 17:00дө өчүрүлгөн.
Такталган маалыматка ылайык, таштанды таштоочу жайдын бир гектар аянты күйгөн.