• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чүйдө тергөөчү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды (сүрөт)

8 Бирдин айы 2021 10:56 Бишкек Govori.TV

КР ИИМ кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-февралында КР УКМК ККК жана КР ИИМ ИИК менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, Чүй облусунан акча каражатын алып жаткан учурунда Москва райондук РИББ өзгөчө иштер боюнча улук тергөөчүсү Ж.Э.А. кармалды.

Такталгандай, кармалган адам сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу үчүн жарандан акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Кармалган Ж.Э.А. кызматтук бөлмөсүн тинтүүнүн жыйыгтыгында мурун пара катары алынган каражаттын бир бөлүгү табылып алынды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылу кармоочу жайына киргизилди.

Терөө иштери жүрүп жатат

Количество просмотров: 178