• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тажикстанда ИИМ кызматкери адам өмүрүн алган жол кырсыкка айыпталууда

27 Теке 2023 16:36 Бишкек Govori.TV

Хатлон облусунун прокуратурасы Восе райондук жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Рустам Нозимзоданы улгайган адамды сүзүп өлтүрүүгө айыптады.

21-июль күнү Куляб шаарынын кире беришинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Рустам Нозимзода унаасы менен катуу ылдамдыкта келе жатып, Шамсиддин Шохин районунун 83 жаштагы тургуну Амрохон Аломатовду сүзүп кеткен.

Куляб шаарынын прокуратурасы Рустам Нозимзода бул окуяга чейин эле милиция кызматкери катары иштебей калганын кабарлады.

Ал арада «Озоди» радиосунун булактары прокуратуранын маалыматын четке кагып, кырсык болгон учурда Рустам Нозимзода Восе райондук жол кайгуул кызматынын башчысынын орун басары болуп иштегенин айтууда.

Быйыл Тажикстанда адам өлүмү менен коштолгон бир нече ири кырсык катталды. Маалым болгондой, дал ушул себептен Тажикстандын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Сухроб Курбонзода кызматтан алынган.

Количество просмотров: 132