• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

2010-жылдагы июнь окуясында ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектелип 2 адам кармалды

1 Кулжа 2023 9:47 Бишкек Govori.TV

2010-жылдагы июнь окуясында КР ИИМдин кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2023-жылдын 27-майында КР УКМК тарабынан Сузак районунун аймагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1984-жылы туулган И.Ш.А жана 1977-жылы туулган Ж.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Кармалган жарандар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышканы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын подполковнигин Сузак районундагы Сузак айылында өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-ж тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган.
Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Учурда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ага байланыштуу УКМК 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Количество просмотров: 79