• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Чүйдө унаасы менен коктуга кулап түшкөн адам каза тапты

29 Чын куран 2020 10:48 Бишкек Govori.TV

Чүйдө автоунаасы менен тоодон кулап түшкөн адам каза тапты. Бул тууралуу 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 28-апрелде саат болжол менен 22:00 чамасында Аламүдүн районунда
орун алган. Анда «Тойота Прадо” үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу унаасы менен Байтик айылынын Боз-Бөлтөк тоосунун чокусунан коктуга кулап түшкөн.

«Окуя болгон жерге 1 бөлүм тартылып, куткаруучулар жабыркаган жаранды коктудан носилка менен чыгарып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүпберишкен. Бирок ал ооруканага жетпей көз жумган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 182