Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан уурулука шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-ноябрь күнү милицияга арыз менен Кара-Балта шаарынын тургуну 1997-жылы туулган Ш.Н. кайрылган. Арызда белгисиз жаран тарабынан анын үйүнө кирип, 38 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.
«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган шектелип, 1972-жылы туулган П.С., аттуу жаран кармалды»,-деп айтылат маалыматта.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда