• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чүйдө жеңил унаа сууга түшүп кетти

21 Жетинин айы 2021 18:22 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Жайыл районунда жеңил унаа сууга түшүп кеткен, жабыркагандар жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бама сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 162-чакырымында (Жайыл району) «Киа-К3» үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, сууга түшүп кеткен.

«Белгиленгендей, унаадагы 20 жаштагы 2 эркек Т.Ч. Б. уулу Э. эч кандай жаракат алышкан эмес»,-деп айтылат маалыматта.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, унааны суудан чыгарып, эвакуаторго жүктөөгө жардам беришкен.

Количество просмотров: 1572