• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Үч-Коргон ГЭСнин №4 гидроагрегаты реконструкцияланат

1 Жалган куран 2024 15:22 Бишкек Govori.TV

«Электр станциялары» ААКтын Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагындына 2024-жылдын 5-мартынан тарта аталган ГЭСтин №4 гидроагрегаты реконстукцияга берилет.

Эмгек министрлигинен бюилдиришкендей, «Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо» долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок).

Долбоордун ишке ашыруунун негизги максаты:

— ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо;
— ГЭСтин кубаттуулугун жана электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмүн жогорулатуу;
— эксплуатациялоо жана оңдоо чыгымдарын кыскартуу.

Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган.

Эскерте кетсек, аталган ГЭС Нарын дарыясынын каскадында курулган биринчи ГЭС болуп саналат. Ал 1962-жылы ишке киргизилген. Ишке киргизилгенден бери УКГЭС өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. УКГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда. Бүгүнкү күндө ГЭСтин иштебей калуу коркунучу жогору. Ушуга байланыштуу УКГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү.

Маалыматка ылайык, быйыл эки гидроагрегат реконструкцияланат:

— Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты;
— Үч-Коргон ГЭСин №4 гидроагрегаты.

Теги:
Количество просмотров: 102