• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Чөөлөр адамдарга кол салууда (видео)

5 Тогуздун айы 2018 13:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV

Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө чөө, бөрүлөр адамдарга кол салууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.Боз-Адыр айылынын тургуну Мунарбек Мамазияев кол салган жырткыч менен менен алышып аны өлтүргөн.

«Кечээ кечки саат 8:00 чамасында жумуштан үйгө бара жатсам, чөөлөр жолуман чыкты. Аларды кубаласам болбой мага кол сала баштады. Анан мен да коргондум. Бирөөсүн башын тебелеп өлтүрдүм, калгандары качып кетти. Биздин айылда чөөлөр абдан көбөйгөн. Ушуларга чара көрүш керек. Эгерде менин ордумда жаш балдар болгондо эмне болмок? Жаш балдарга түнкүсүн кооптуу болуп калды», — деди ал.

https://bulbul.kg/video:57922

 

 

Количество просмотров: 20