• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Үч партиянын лидери жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бирге барат

18 Бирдин айы 2021 9:27 Бишкек Govori.TV

Үч партиянын лидери: Эльдар Абакиров, Аймен Касенов жана Клара Сооронкулова өз күчтөрүн жергиликтүү кеңештин шайлоосуна бириктирип жатат. Бул тууралуу Клара Сооронкулова маалымдады.

Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу үчүн бириккен саясатчылар бүгүн, 18-февралда маалымат жыйын берет. Анда биригүү жөнүндө меморандумга кол коюу жана бирдиктүү партия катары Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышуусу, ошондой эле партиялардын лидерлери менен өкүлдөрүнүн жалпы максаттары жөнүндө журналисттерге жана коомчулукка кенен маалымат берери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Эльдар Абакиров, Аймен Касенов, Клара Сооронкулова 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.

Количество просмотров: 206