• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо аяктады

11 Теке 2021 20:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июлда саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоо өнөктүгү башталып, 20:00дө аяктады.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого жалпы 18 партия катышты. Ош шаардык кеңештин депутаттыгына 8 партия талапкерлерин көрсөткөн. Ал эми Токмок шаардык кеңештин депутаттары 6 партиядан шайланат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул жолу шайлоочулардын тизмесине 617 517 жаран катталган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында 426 699 (69%) шайлоочу, Ош шаарында 152 718 (6%) шайлоочу, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын тизмесинде 38 100 (25%) жаран бар.

Саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 25,22 пайызы же 155 707 жаран добуш берген.

Шаарлардагы көсөткүч:

Бишкек шаарында 85 411 шайлоочу же 20,02%;

Ош шаарында 56 610 шайлоочу же 37,07%;

Токмок шаарында 13 686 адам же 35,92% шайлоочу добуш беришкен.

Милициянын маалыматына ылайык, добуш сатып алууга байланыштуу Бишкекте 11, шайлоочуларды ташуу тууралуу үч арыз түшкөн. Токмокто болсо шайлоодогу мыйзам бузуу тууралуу тогуз, ал эми Ошто беш билдирүү алынган. Алардын айрымдары кылмыштын курамы жок деген негизде иликтенген эмес.

Мунун алдында шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жалпы иш» коомдук фонду добуш берүү күнү түшкө чейин Бишкек менен Ош шаарларында мыйзам бузулган 22 учур катталганын билдирген. Уюм Токмок шаарында мындай факты болбогонун маалымдаган.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, май айында Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Количество просмотров: 143